Баку шаарынын Сабаил райондук сотунун чечими менен Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова эки айга камалды. Исмаилованын адвокаты Элтон Гулиев козголгон кылмыш иши журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтты. (Азербайжан кызматы)