Мындай кайрылууну 30-ноябрда Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск жана Cтамбулдагы Константинополь патриархиясынын лидери Варфоломей I жасады. Ватикандын башчысы Түркиядагы үч күндүк сапарында өлкөнүн саясий жана диний лидерлери менен да кездешти.
Кайрылуу Стамбулдун ортодокс чиркөөсүндөгү Ыйык Андрейге арналып өткөн майрамдык зыяпаттан соң жасалды. Бул православие чиркөөсүндөгү эң маанилүү майрам. Ыйык Андрей Иса пайгамбардын биринчи окуучусу саналат.
Эки диниятчы Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жихадчылары Алланын атынан тарсаларга, езиддерге жана башка диний азчылыктарга жасап жаткан забын-зордуктарды токтотууну да талап кылышты. "Ислам менен өз ара урмат жана достуктун негизинде жигердүү сүйлөшүүгө" үндөштү.
Константинополь патриархиясы мурдагы Чыгыш Рим империясы-Византиянын байтактында жайгашкандыктан, православие дининдеги өз алдынча өкүм жүргүзгөн 14 автокефалиянын “биринчиси” эсептелет. Константинополь чиркөөсүнүн тарыхый ордуна байланыштуу Варфоломей I көп учурда ортодокстор, католиктер, протестанттар ортосунда арачылык кылып жүрөт.
Дүйнөдөгү 1,2 миллиард католиктердин башчысы Франциск кабарчылар менен кездешүүдө пендени кордоо аны жараткан Кудайды урматтабоого жатат деди:
- Кээ бир коңшу өлкөлөр адамгерчиликсиз жана ырайымсыз согуштан жабыркаганынын жаңырыгын бу жерде угуп жатабыз. Элдин тынчтыгын бузуп, зулумчулук жасоо же андай аракеттерге ынануу, же өзгөчө, алар алсыз жана коргоосу жокторго багытталганда, Кудайга каршы жасалган чоң күнөө болуп саналат. Себеби бул адамдагы Кудайдын образын сыйлабагандыкты билдирет.
Коңшулаш Иракта 2003-жылы уруш башталгандан бери христиандардын саны 70 процентке азайган. 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталганга чейин анын 22 миллион элинин 10 % чамалуусу христиандар болчу.
75 миллион калктуу Түркияда ар кошкон 80 миң христиан бар. Алар армяндар, ортодокс гректер, франко-левантиндер, сириялык ортокстор жана халдейлер. Папаны аз сандагы франко-левантиндер гана өз башчысы деп тааныйт.
Францис жума күнү Анкарада президент Эрдоган менен кездешти. Ал радикал “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарын сындап, элдер арасында түшүнбөөчүлүк жана коркунуч жаратчу фанатизм менен фундаментализмге бардык динзарлардын тилектештигин каршы коюуга чакырды.
29-ноябрда Франциск “Көк мечит” деген ат менен таанымал Султан Ахмет мечитинде Стамбулдун башкы имамы Рахми Яран алкан жайып Куран окуп жатканда, катарлаша үн-сөзсүз туруп, жаратканга сүкүт кылды.
Рим-католик чиркөөсүнүн мурдагы Папасы Бенедикт сегиз жыл илгери “Көк мечитте” ушинтип таат ибадат жасаганда, британдардын “Гардиан” гезити жазгандай, көпчүлүк консервативдүү католиктер жана кээ бир мусулмандар тополоңго түшүп, Ватикан атайын түшүндүрмө бергенге аргасыз болгон.
Ишемби күнү Ватикандын башчысы эзелки Ая Софияга да барып зыярат кылды. 1453-жылы Султан Мехмед II Константинополду ээлегенден кийин базилика мечитке айлантылган. Ал эми 1923-жылы Түркия Республикасы түптөлгөндөн кийин Ая-София музей болуп калган.