Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Офицер огунан каза тапкан жоокердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө


Бишкектеги № 97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жоокер Бактияр Көчөрбаевдин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбеков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, кызматтык иликтөө жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, жазага тартылмакчы. Буга чейин бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш иш козгоп, эки адам сурак берип жатканын билдирген болчу.

22-ноябрда Абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн бир офицери ефрейтор Көчөрбаевди атып алган. Атылган октон ефрейтор ооруканага жетпей каза тапкан.

Каза тапкан 25 жаштагы Бактияр Көчөрбаев Нарындын Ормон Хан айылынын тургуну болчу. Ал № 97632 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөгөндөн кийин бир жылдан ашуун убакыттан бери келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG