Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Кыргыз-орус ИИМ башчылары Москвада жолугат


Ички иштери министри Мелис Турганбаев 10-ноябрда Москвада Орусиянын милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат. Кремлде өтчү салтанатка КМШ өлкөлөрүнүн тартип коргоо органдарынын жетекчилери чакырылган. Мындан сырткары Турганбаев 11-ноябрда орус кесиптеши Владимир Колокольцев менен жолугушары күтүлүүдө. Анда эки өлкөнүн тартип коргоо тармагындагы кызматташтыгы, уюшкан кылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүү сыяктуу маселелер талкууланат.

Мелис Турганбаев Москва сапарынын алкагында ал жактагы кыргызстандыктар менен да жолугушмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Жолугушууда Турганбаев Кыргызстандын Орусияга жаңы дайындалган ИИМ өкүлүн тааныштырып, эмгек мигранттарынын, диаспора мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн угат.

XS
SM
MD
LG