Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Жалал-Абад - Казарман жолундагы конуш тургундары компенсация сурашууда


Түндүк-түштүк кошумча жолунун курулуш планына ылайык короосунун тосмолору бузулган жана бузулуу алдында турган жарандар өкмөттөн алдын ала компенсация сурап жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сузак районундагы Таранбазар айылынын тургуну Сабиржан Сулайманов билдирди:

- Башында компенсация төлөөгө убада беришкен. Эми жол куруп жаткандар эч кандай каражат берилбей турганын айтып жатат.

Транспорт министрлигинин координатору Акжол Бегалиев “Азаттыкка” бул багытта текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, комиссиянын корутундусу менен компенсация берилерин билдирди. Канчадан төлөнөрү да текшерүүнүн натыйжасына ылайык аныкталат. Алдын ала планга ылайык, Таранбазар айылындагы төрт үйдүн тосмосу бузулуш керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG