“Азаттык”: Мындан 10 жыл мурда жергиликтүү жамааттар негизделген эле. Жергиликтүү жамааттардын элеттердеги ролун кандай деп баалайт элеңиз?
Бахтияр Фаттахов: Бул сурооңуз өтө актуалдуу. 2003-жылдын 6-мартында октябрь айынын акыркы жекшембиси жергиликтүү жамааттардын күнү деп жарыяланган. Калктуу конуштарда эл жамаат-жамаат болуп жашайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу дегени мэрия же айыл өкмөттөрү гана эмес.
Биздин Конституцияда бийликтин ээси эл болгондон кийин ал бийликти өз колуна алып, жергиликтүү маанидеги маселелерди өзү чечип жатканы – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүккөнү деп айтсак болот.
Калктуу конуштарда элдин назарында болуп, эл ишенимине ээ болуп калган чыныгы лидерлер бар.
Бул күндү белгилеп, муниципалдык органдарда иштеп жаткан жакшы адистерге белек, сыйлыктарды тапшырып, кандай көйгөйлөрү бар, аны кантип чечсе болот, элдин бийлигин кантип күчөтөбүз деп талкуулайбыз. 24-октябрда бир катар иш-чаралар өтөт.
“Азаттык”: Жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара мамилеси кандай болуп калды? Чогуу кызматташса көбүрөөк маселе чечилет эле деген түшүнүк калыптана баштадыбы?
Бахтияр Фаттахов: Жакшы суроо бердиңиз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөттөрү, айылдык кеңештин депутаттары. Бирөө өкүлчүлүктүү орган болсо, экинчиси аткаруу бийлиги. Шаарда болсо мэриянын аппараты менен шаардык кеңештин депутаттары бар. Жергиликтүү жамаат жашап жаткан жеринде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечсе, анда элге көрсөтүлүп жаткан кызматтын да сапаты жакшырмак. Бүгүн жергиликтүү маанидеги маселелер эмне экенин элибиз билсе, аткаруучуну көзөмөлгө алса жакшы болмок.
Мен бийликте иштеп жаткандардын баарына сунуштап жатам: бүгүн кандай гана кызмат көрсөтпөгүлө, ошонун сапатын көтөргүлө, элдин ишенимине ээ болгула. Бийликтин ээси эл болуп, элге кызмат өтөп жаткандан кийин ошонун ишенимин алыш керек.
“Азаттык”: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу азыр борбордон канчалык көз карандысыз? Мисалы, каржылык жактан, чечим кабыл алууда.
Бахтияр Фаттахов: Учурда ЖӨБ органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарып келишет. Бирок ошол аткарып жаткан функцияларды каржылоо маселеси чечилбей келатат. Ушул күнгө чейин Конституция талап кылган мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы чектөө принциптери аткарылбай жатат. Бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелердин бири мына ушул.
Муну кантип чечиш керек? Тезинен функцияларды аныктап, эл кимден, эмнени, кантип сурап алышты билиш керек. Ким эмнеге жооп бере турганын аныктоо зарыл. Ар бир министрлик, ведомстволук өзүнүн стандарттарын, регламентин иштеп чыгып, ошонун негизинде ыйгарым укуктарды өткөрүп бериш керек.
“Азаттык”: Ошол эле кезде мамлекеттик органдар өзү аткарыш керек болгон функцияларды жергиликтүү бийликке жүктөп койгондой. Ошол эле ички жолдор, суу маселесин жергиликтүү бийлик гана чечип келатат.
Бахтияр Фаттахов: Тилекке каршы көп мыйзамдар бири-бирине каршы келатат. Сиз айтып жаткан маселелерди көпчүлүк министрликтер, ведомстволор жергиликтүү бийлик, айыл өкмөтү чечет деп коёт. Бирок аны аткарууга каражат жок, натыйжада эл ошол кызмат көрсөтүүлөргө жетпей калып атпайбы. Соңунда бийликтин баркы кетүүдө. Реформалар жакшы, бирок акыркы баскычтарында чечкиндүү кадамдар жетишпей келатат.
Өгөйлөгөн мамиле
“Азаттык”: Мамлекеттик органдар муниципалитеттерге өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, аларга салык чогултканга гана кармап тургандай мамиле жасап жаткан жокпу? Муниципалитеттер өз казанында өзү кайнап, борбордон жардам ала албай, салык чогултуучудай гана көрүнүп калгандай.
Бахтияр Фаттахов: Башында салыкты чогултуп алуучу - жергиликтүү бийлик деп аныкталганы менен, салыкты башкаруу укугун ага берген эмес. Салыкчы барып төлөгүлө дейт, болбосо эч нерсе кыла албай кайра келет. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтин баркын көтөрбөсөк демократия да өнүкпөйт, элдин бийликке болгон ишеними да болбойт. Жергиликтүү салыктардан мүлк салыгы менен жер салыгы гана калды. Эми мамлекеттик салыктардан жергиликтүү бюджетке түшө турган бөлүгүн күчөтүшүбүз керек.
“Азаттык”: Ошондо буларда жергиликтүү салыктарды чогултууга болгон кызыкчылык пайда болмок, туурабы?
Бахтияр Фаттахов: Ооба, өздөрүндө пайда калса, ошондой салыкты чогултканга кызыкчылык болмок. Азыр чогултуп эле, баарын борборго жөнөтүп жиберсе, кызыкчылык болбойт экен. Мисалы, киреше салыгын алалы. Ошол салык жергиликтүү бюджетте калса ошол көп чогултулмак, жергиликтүү бийлик буга кызыкдар болмок. Өндүрүш көбөйүп, инвесторлорду чакырып, аларга шарт түзүп берип, жергиликтүү бюджетке салык да түшмөк.
“Азаттык”: Он жыл мурдагы жергиликтүү жамаат менен азыркы жергиликтүү жамааттын айырмасы кандай?
Бахтияр Фаттахов: Кайсы жерге барбаңыз демократиянын жыйынтыктарын көрө аласыз, эл жергиликтүү бийликти өз колуна алып калды. Эл чечип, көзөмөл жүргүзүп калды. Калктуу конуштарда элдин назарында болуп, эл ишенимине ээ болуп калган чыныгы лидерлер бар. Элди таза суу менен камсыздаган бирикмелер, жайыт комитеттери, аялдар комитеттери, аксакалдар кеңеши бар. Эл көзөмөл жүргүзүп, жергиликтүү маселелерди чечүүгө аралашса, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты да жакшы болот, каражат да аз кетет, коррупцияга да бөгөт коюлат.