Базардагы аялдардын түйшүгү
Мындан 15 жыл илгери Кыргызстанда аялдардын арасында эң кеңири учураган жумуш мугалим же доктур болуп келсе, учурда “соодагер” деген адистик андан да ашып түштү. Борбор Азиядагы ири базарлардын бири “Дордойдо” эле соода кылгандардын 70 пайызга жакынын аялдар түзөт. Элге жык жыйма толгон бул базарда түрдүү тагдырлар, түрдүү окуялар камтылган. Алдоо, алдануу, бири-бирин колдоо, ийгиликке жетүү, орун талаш сыяктуу көрүнүштөр кездешет. “Аялзат” түрмөгүнөн базардагы аялдардын оош-кыйыштары туурасында айтып беребиз.