Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

“Көчмөндөр оюну” өтчү ат майдан 1-сентябрда ачылат


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы Асанбектин атын алып жүргөн Чолпон-Атадагы ат майдандын ачылышы 1-сентябрда болот. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев билдирди. Анын айтымында 800 кишилик аталган ат майдан “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 кишилик болуп кеңейтилди.

“Ата Мекен” партиясы эл аралык мелдеш өтчү ат майдандын кримтөбөлдүн атасынын ысымын алышы туура эмес экенин айтып, өкмөт ипподромдун аты 20-августка чейин өзгөртүлөрүн убада кылган.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG