Комуз кылын жүрөк менен көргөндөр
"Айгине" маданий борборунда Нурак Абдрахмановдун "Эн белги" ыкмасынын негизинде көзү азиз жана чала көргөн адамдарга комуз сабактары өтүүдө. Иш-чаранын башкы максаты - мүмкүнчүлүгү чектелгендердин талантын өрчүтүү. Мындай сабактар жылына Бишкек жана Чолпон-Атада өткөрүлүп, концерт менен жыйынтыкталат.