Сатурндагы жашоонун белгилери
Мезгил алга закымдаган сайын эбегейсиз Ааламдагы табышмактар жандырылып, астрономия илими адамдын түшүнө кирбеген ачылыштарды тартуулап жатат. Мындай ачылыштардын соңкусу – Сатурндун короосундагы жашоонун белгилери. Газ гиганты деп саналган планетанын эки жандоочунда суу бар экени аныкталган.