Мургаб кайрыктары: Эл ичи өнөр кенчи
Тажикстандагы мургабчылардын музыкалык өнөрү жалпы эле ичкилик кыргыздарынын чыгармачылыгы менен тектеш. Алардын өзгөчөлүү ыр, күү, ооз эки чыгармачылыгын түшүнбөөчүлүктөн улам, Памир кыргыздарынын музыкалык өнөрү Кыргызстанда аалымдар тарабынан начар изилденип, көптөгөн акындардын ырлары, башка чыгармалар жазылбай калган.