Кувейттеги мелдеште Казакстандын улуттук гимнинин ордуна кайманалуу «Борат» тасмасындагы гимн ойнотулгандан кийин казак спортчулары уюштуруучулардан кечирим суроону талап кылышты. Акыркы бир айдын ичинде ушуну менен Казакстандын улуттук гимнинин ордуна экинчи жолу башка ыр ойнотулду.