Өмүркулов: Башка чапкандай эле болдум
Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов өзүнө тагылган айып негизсиз экенин жана күнөөсү жоктугун айтууда. Бүгүн Октябрь райондук сотунда Өмүркуловдун иши боюнча соттолуучуларга акыркы сөз берилди. Өкүм 1-августта угузулат. Өмүркулов мэр болуп турганда шаарда Жеңиш паркынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталган болчу. Аны менен кошо шаар башкармалыгынын бир катар мурдагы кызматкерлери да соттолууда.