Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Ошто июнь коогасында дайынсыз жоголгондорго эстелик ачылды


Оштогу "Энелердин көз жашы" эстелиги
Оштогу "Энелердин көз жашы" эстелиги
Ош шаарында бүгүн төрт жыл мурдагы июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Эскерүү иш-чарасы "Энелердин көз жашы" эстелигинин алдында Куран окуу жана гүл чамбарларды коюу менен башталды. Бүгүн бул эстеликтин жанында дайынсыз жоголгондор үчүн бешик формасындагы эстелик тактайча да ачылды. Ага июнь коогасында Ош шаарынан жана облусунан дайынсыз жоголгон 28 адамдын аты-жөнү жазылган. Бул 28 адамдын 13үнүн дагы деле өлүү-тирүүсү белгисиз. Калгандарынын сөөгү табылган.

Оштогу эскерүү иш-чараларына вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган расмий топ катышууда.

2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ош шаарында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда тутанган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып, анын эпкини кошуналаш Жалал-Абад облусуна чейин жеткен. Расмий маалыматтарда бул каргашадан 426 киши курман болуп, 35 киши дайынсыз жоголгону, дагы жүздөгөн кишилер жаракат алганы айтылып келет. (ErN/SM)

XS
SM
MD
LG