Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Кочкаров Бразилиядагы футбол таймашында калыстык кылат


Бахадыр Кочкаров, кыргызстандык футбол калысы, 8-октябрь, 2010
Бахадыр Кочкаров, кыргызстандык футбол калысы, 8-октябрь, 2010
Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын бөлүм башчысы Нурдин Букуев билдирди. Кочкаров ушул күндөрү Бразилияда акыркы даярдыктан өтүп жатат. Ал футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүн тейлөөчү калыстардын тизмесине кирген. ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров бир нече жылдан бери өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобу аркылуу эл аралык таймаштарга калыстык кылып келет.

Кочкаров мындан мурдагы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатында жана Лондон Олимп оюндарында да калыстык кылган.

Дүйнө чемпионатынын калыстар тизмеси 15-январда Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн ФИФАнын калыстар комитетинин отурумунда жарыяланган. Ал тизмеге 43 өлкөдөн тандалган калыстардын 25 тобу жана 8 кошумча калыс кирген.

Бразилиянын бир нече шаарында өтө турган дүйнөлүк таймаш 13-июнда башталып, футбол күйөрмандары 64 беттешүүгө күбө боло алышат. (KMa)

XS
SM
MD
LG