Бажы биримдигине каршы акция
Борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин алдына чогулгандар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү эң ириде өлкөнү экономикалык көз карандылыкка алып келерин билдиришти. Иш-чараны “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы, “Реформа”, “Демократиялык альянс” партиялары биргелешип уюштурушту.