Жыйында уктаган прокурор иштен алынды
Баш прокурор Аида Салянова Базар-Коргондун прокурору Кыдыралиевди 17-февралда коллегиядан кууп чыкты. Жашы улгайып калган Кыдыралиев узак жол жүрүп келгенге чарчап, жыйында уктап кеткени маалым болду. Бүгүн, 18-февралда Салянова аталган прокурорду этикага жатпаган жүрүм-туруму үчүн кызматтан алды.