Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Президент Карзайдын иниси телеэрөөлдөн качты


Ооганстанда президенттикке талапкерлердин телеэрөөлү өттү. Эки күн удаасы менен өткөн теледебатка Ооганстандын мурдакы финансы министри Ашраф Гани, президенттин мурдакы улук кеңешчиси Гедават Амин Арсала, мурдакы президент Мухаммед Дауд хандын агасынын небереси, шахзада Мухаммед Надир Найм катышты. Талапкерлер 16-февралда аялдардын укуктары, жаштардын муктаждыктары, АКШ менен Эки жактуу коопсуздук келишими жана талиптер менен тынчтык сүйлөшүүсү жөнүндө талкуулашты.

Телеэрөөлдү Ооганстандын өкмөттүк телерадиосу жана “Эркин Ооганстан” радиосу каржылады. 5-апрелде болчу президенттик шайлоодо 11 талапкер күч сынашат. Алардын ичинде президент Хамид Карзайдын бир тууганы Кайым Карзай да бар. Ал жекшемби күнкү телеэрөөлгө катышкан жок. Хамид Карзай Конституцияга ылайык, үчүнчү жолу президенттикке шайлана албайт.

XS
SM
MD
LG