Жээнбеков: дооматтар суу кечпейт
Депутаттар коюп жаткан дооматтар суу кечпейт. Мындай пикирин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын мурдагы башчысы Жусупжан Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жогорку Кеңеш бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоодо.