Ош облусунун Араван районундагы чоң базардын мөмө-жемиш саткан бөлүгү күйүп кетти. Күйүп кеткен 1,5 миң чарчы метрлик аянтта мөмө-жемиш менен кошо азык-түлүк, курулуш материалдары сатылчу. Ошол эле жерде тигүү цехи бар болчу. Кырсыкка электр зымдарынан чыккан от себеп болгону айтылууда. (Ыдырыс Исаковдун фотосу)