"Барахолка" өрттөн кийин
Алматыдагы бир нече майда базарлардан турган “Барахолкада” быйыл күздө эле үчүнчү ирет өрт чыгып отурат. Алгач сентябрь айында “Олжо” жана “Аян”, андан соң 17-ноябрда “Кулагер” жана “Арал” базарлары күйүп кеткен. 26-ноябрда "Алатау" базарында өрт чыкты. Бул базарларда көптөгөн кыргызстандыктар соода менен шугулданат. Казак бийликтери бир жыл мурун бул базарлардын жабылышы мүмкүн экенин билдирген. Видеодо "Барахолкадагы" өрттөн кийинки бузуу иштери тартылган.