Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

Корейлер кыргыз авиациясына көмөктөшөт


"Эйр Кыргызстандын" борт коштоочусу Айсулуу Белекова Курманжан Датка атындагы Боинг–737-500 учагында. "Манас" эл аралык аэропорту, 13.06.2013.
"Эйр Кыргызстандын" борт коштоочусу Айсулуу Белекова Курманжан Датка атындагы Боинг–737-500 учагында. "Манас" эл аралык аэропорту, 13.06.2013.
Бул тууралуу "Азаттыкка" "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын вице-президенти Кайрат Итибаев кабарлады:

– Эмдиги жылы жазында Түштүк Кореядан үч-төрт эксперт бизге жардам берүүгө келмей болду. Алар бардыгын текшерип, бизге эл аралык аудиттен кантип өтүүгө өз сунуштарын берет. Сеулга жумушчу сапар учурунда учуу коопсуздугу боюнча ушундай бир жакшы иштерге жетишкенге аракет кылдык.

Кайрат Итибаев: Корейлер кыргыз авиациясына көмөктөшөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:16 0:00
Түз линк

Анын айтымында, дал ушул корей адистеринин жардамы менен Жапония, Филиппин жана Тайланд Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудиттеринен ийгиликтүү өткөн.

Кыргыз авиациясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен "Эйр Кыргызстан" ошондой эле Жапон эл аралык кызматташуу агенттигине (JICA) жана Түрк аба жолдоруна кайрылганын авиакомпаниянын вице-президенти кошумчалады. Андан тышкары, чет элдик авиация адистерин ыктыярчы катары чакыруу да каралып жатат.

Кайрат Итибаев аны менен бирге дүйнөдөгү ири авиакомпаниялардын бири "Континенталда" 20 жылдан ашык эмгектенген жапон жарандык авиация адиси Шигеру Терамура кызматкерлерге "Эйр Кыргызстандын" корпоративдик брендин өнүктүрүү жана борткоштоочуларга дүйнөлүк тейлөө стандарттары жөнүндө окуу өткөргөнүн да кошумчалады. (BAz)

XS
SM
MD
LG