Түлеев: Күнөөмдү далилдей албай жатышат
“Ата-Журт” фракциясынын депутаты, азыр абакта жаткан Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев прокуратура тагылган бир дагы айыпты далилдей албай жатканын айтууда. Түлеев Бишкек мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген деп айыпталып, камакка алынганына бир жылдан ашты. Анын саламаттыгы улам начарлап, дарыланууга муктаж болуп турганын жакында адвокаттары айтып чыккан эле. (Жанарбек Акаев, Улан Асаналиев)