Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Ала качуу: мыйзам иштей баштадыбы?


Ушул тапта Кыргызстанда кыздарды ала качуу фактылары боюнча бир канча соттук териштирүү жүрүүдө. Укук коргоочулар алардын экөөсүнө коомчулуктун көңүлүн өзгөчө буруу аракетинде.

Биринчиси - үч ирет ала качып, үч ирет зордукталган таластык кыздын окуясы. Экинчиси - ур-тепкиге алынган оштук кыз.

Кыргызстан ала качууну адам уурдоого теңеп, ага карата жазаны катаалдаштырган. Анткен менен жакындан тарта күчүнө кирген бул мыйзамдын иштеп кетеринен күмөн санагандар да бар.

Келиндин себин талашкан кайната

“Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова ала качууга байлынышкан эки окуяда тең кыздардын оор тагдыры көңүл сыртында калып, айыптуулар тиешелүү жаза албаганын белгилейт. Буга байланыштуу аталган борбор өткөн жума күнү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү. (Этикалык себептерден улам кыздардын аты-жөнүн атабоону туура таптык).

Рыскулованын айтымында, былтыр Ош облусунан 11-класста окуп жаткан кызды ала качып кетишкен. Ал барган үй-бүлөсүнөн түрдүү уруп-согууларга жана жемеге туш болуп, быйыл жыл башында ажырашууну чечет. Бирок анын кайнатасы Жогорку Сотко чейин арызданып, кыздын себин кайтарып бербей жатат дейт Бүбүсара Рыскулова:

- “Калың төлөгөнбүз, той бергенбиз” деп, себин талашып жатышат. Кайнатасы Жогорку Сотко келгенде “кыргыздарда мындай чуу кылбайт, өзүңөр чуу кылып жатасыңар. Байкуш кыз адегенде макул болуп отурган экен. Бирок сабап, кордогон экенсиңер” деп айттым. Бишкекке чейин келип, төшөнчүсүн, беш-алты көрпө, диванын жана бир эмерегин талашып жатат. Ошол эле кезде кыздын тагдыры, анын оорукчан болуп, кыйын абалда калганын ойлошкон жок.

Үч ирет ала качкан

Бүбүсара Рыскулова
бул окуяда кызды ала качкан жигит жоопкерчиликке тартылбай жатканын белгиледи. Ошондой эле анын айтымында, үч ирет ала качып, үч жолу зордукталган таластык кыздын окуясы боюнча да соттук териштирүү мыйзам чегинде жүрбөй келатат.

- Таласта 11-класста окуп жаткан кызды адегенде жолдон зордуктап, андан кийин үйүнө алып барышып, жолук салган. Ата-энеси келип алып кетсе, эртеси кайра ала качып кетишкен. Кайра алып кетсе, бир жумадан кийин дагы ала качып, зордуктаган. Милицияга берсе, алар да, прокуратура да кайдыгер карашкан. Окуя 2012-жылы августта болсо да, тергөө башка нукта жүрүп, адвокат келбесе ишти жаап салышмак экен.

Бул иш боюнча учурда соттук териштирүү Таластын Бакай-Ата райондук сотунда уланууда. Кызды ала качты делген бала азыр камакта отурат. Ал эми ала качууга дуушар болгон кыз өзү “Азаттыкка” окуяны мындайча баяндады.

- Классташ курбум мени ошол жерге атайлап таштап кетти. Кетем деп курбума жармашсам ал жулкунат, артымдан тиги бала тартып жатты. Анан тигил баланын телефонуна бирөө чалып калганда кетип калдым. Жолдо келатсам тигил бала артымдан жетип келип, каршылык көрсөткөнүмө карабай ур-тепкиге алып, жүгөрү талаага сүйрөп кирип, зордуктап салды...

Былтыр жыл этегинде кыз ала качууга жазаны катаалдаштырган мыйзам беренеси Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага президент Алмазбек Атамбаев январда кол коюп, күчүнө кирди. Мыйзам долбооруна демилгечи болгон “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева кабыл алынган берене ала качууну азайтууга көмөкчү болот деген ишенимде.

- Бир мыйзам кабыл алынса, тез эле өзгөрүүлөр болуп кетет, ала качуу токтоп калат деп эсептеген туура эмес. Бирок бул мыйзам иштеп кетерине ишенем.

Аялдардын укугун коргоо уюмдардын ырастоосунда, 2012-жылы бир жылдын ичинде эле ала качуунун курмандыктарынын саны 7.5 миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG