Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Египет: парламенттик шайлоолор апрелде өтөт


Египеттин президенти Мухаммед Мурси парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн дайындады. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, парламенттик шайлоолор 27-апрелде башталат жана добуш берүү төрт этап менен өтүп, июнда жыйынтыкталат. Шайлоо өткөрүүнү төрт этап менен өткөрүү өлкөдө шайлоого көз салчу байкоочулардын жетишпегени менен түшүндүрүлдү. Бейшембиде өлкө парламентинин Жогорку палатасы шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке жаңы шайлоо дайындоого жол ачып берген.

Учурда шайлоо өнөктүгү курч мүнөздө өтөт деп болжолдонуп жатат. Анда негизги атаандаштар саналган президент Мурсини колдогон исламчыл партиялар менен 2011-жылдагы ыңкылап максатына жетпей калды деп нааразы болгон дүниябий оппозициялык партиялар парламенттен орун алууга аракет кылышат.
Египеттеги парламенттин төмөнкү палатасы өткөн жылы Конституциялык Соттун чечими менен таратылган.

XS
SM
MD
LG