“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов шайлоо боюнча жаңы мыйзам жазуу, аны кабыл алуу үчүн 10 миң кол топтоо аракеттери башталарын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул демилгени бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер колдоп жатат. Асанов азыркы шайлоо мыйзамында добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого, коз бойомочулукка жол берген жылчыкчалар көп экенин, ошондуктан алмаштыруу зарыл экенин белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо эркин жана атаандаштык маанайда өткөнү менен айрым ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөткөнүн билдирген. Ушундан улам Жогорку Кеңеш өкмөт менен биргелешип мыйзамдарды даярдап, болочокто шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эч кимде күмөн ой жаралбашы үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айткан. (EBM)