Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Сириядагы кырдаал Ливанды да чайкалтууда


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтондун билдиришинче, АКШ “келечеги бүдөмүк тартып бараткан” Сирия президенти Башар Асад химиялык куралдарды колдонуп жибериши ыктымал же алаамат куралды көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн деп кооптонот. Вашингтон Сирия химиялык куралды колдонсо, “кызыл сызыкты” атаган болорун мурда эскерткен. Клинтон айым Асаддын режими кулаганча, “канча адамдын апаат болору” убакыттын маселеси экенин белгилей кетти.

Сириядагы кандуу булоон коңшулаш Ливанга да жайылууда. Триполиде жаатташ тараптардын урушунан акыркы эки күндө кеминде беш киши курман болду.

Шейшемби күнү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Түркиянын Сирияга жакын чек арасына аба чабуулдарынан коргоочу “Патриот” системасын жайгаштырганга макулдук беришти. Түркия НАТОнун мүчөсү жана Сирия менен 980 чакырым аралыкта чектешет.

XS
SM
MD
LG