Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Ташбаевдин адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылды


Адвокат Икрамидин Айткулов Учкунбек Ташбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотко кайрылганын “Азаттыкка” билдирди. Адвокат тергөө иштери жүрүп жатканда Ташбаевди эки ай камакка алууга негиз жок болчу деп эсептөөдө.

Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев 30-ноябрда камакка алынганын кабарлаган. Ал кызматынан "кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат.

Биринчи май райондук соту Ташбаевдин баш коргоо чарасын карап 2 айга, тактап айтканда, 30-январга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG