Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков камактагы фракциялаштарын үй камагына чыгарууну талап кылды. Келдибеков бул камоону саясий куугунтук деп сыпаттады.
28-ноябрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевдин мөөнөтүн узартуу туралуу Башкы прокуратуранын доо аразын канааттандырган. Ага ылайык, Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында 3-январга чейин камалат.
Парламентте буга чейин камалган "атажуртчу" депуттар боюнча комиссия түзүү сунушу колдоо таппай калган.
"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен 5-октябрда эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган болчу. (EBM)