Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

ICG уюму кызматкери кармалып, тинтилиши боюнча Башкы прокуратурага кайрылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан уюм – Эл аралык кризис тобунун (ICG) расмий өкүлү Эндрю Сторлайн (Andrew Stroehlein) билдирди:

- Биз Кыргызстандын Башкы прокуратурасына расмий даттануу жолдодук. Анткени биздин талдоочубуз Конор Прасадды кармап, тинтүү учурунда УКМКнын Оштогу бөлүмү тарабынан кыргыз мыйзамдары бузулган. Биз кыргыз президентине да кайрылып, УКМКнын аракетин териштирүүнү өтүндүк. Албетте эл аралык өнөктөштөрүбүзгө да тынчсыздануубузду билдирдик.

Эндрю Сторлайн алардын иликтөөчүсү Ошто 17-ноябрда кармалып тинтилгенин жана ага коюлуп жаткан дооматтарды четке кагышарын кошумчалады.

Ошто чет элдик жарандын улут аралык кастыкка түрткү берүүчү ишмердиги аныкталганын УКМК бүгүн билдирип чыккан.

Мекеменин ырастоосунда, Ирландиянын жараны, Ошко Эл аралык кризистик топ аркылуу келген Конор Прасад жүргөн унаада табылган электрондук, материалдар, документтер Ош мамлекеттик университетинде филологиялык-саясий экспертизадан өткөрүлүп, жыйынтыгында улут аралык араздашууну козутаары, өлкөдөгү стабилдүүлүккө жана туруктуулукка, коопсуздукка шек келтирери аныкталган.

Атайын кызмат ошондой эле чет өлкөлүк жаранга кыргыз жана эл аралык мыйзамдардын чегинде чара көрүү маселесин караштырып жатканын маалымдады.

Эл аралык кризис тобу Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери иш жүргүзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG