Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Бишкек шаар кеңеши үчүн таймаш күч


Шайлоочулардын тизмесин тактоо.
Шайлоочулардын тизмесин тактоо.

Саясий жана экономикалык борбор бүтүндөй өлкө багытына таасир берүүчү күчкө ээ болгондуктан, партиялар негизги ресурсун Бишкекке салып жатышат.

Жергиликтүү маалымат сайттары уюштурган сурамжылоого таянсак, Бишкек шаардык кеңешке КСДП, "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" сыяктуу аты бар партиялар алдыга чыгаары болжолдонуп жаткандай. Шайлоо жарышына 23 партия чыккан, Бишкек парламентиндеги 45 гана мандаттын ар бири үчүн 40ка жакын талапкер күрөшүүдө.

2008-жылда өткөн шайлоого караганда бул жолку жарыш кыйла жандуу өтүп жатканы калаа көчөлөрүндөгү жана массалык маалымат каражаттарындагы жарыялардан айкын көрүнүп жатат. Плакаттарда эски саясатчылар менен катар саясий карьерасын жаңы баштаган жаш инсандардын жүздөрү жылмаят.

Саясий илимдердин кандидаты, Борбор Азиядагы америкалык университетинин мугалими Эмил Жураевдин пикиринде, 2010-жылдан кийин өзгөргөн саясий система, экинчиден, борбор калааны көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн улам активдүүлүк өсүп жатат.

- Шаардык кеңеш жаңы мэрди шайлайт. Бишкек шаарынын мэри мааниси боюнча премьер-министрге тете келген жоопту жумуш. Кыргызстандын дээрлик 40 пайызга жакын экономикасы Бишкектин ичинде. Ошондуктан чоң партиялардын аттуу-баштуу саясатчылары шайлоого киришип атканынын себебтеринин бири – мэрди шайлап алуу. Экинчи себеби – бул шаардык бюджетти көзөмөлгө алуу; ал кантип сарпталат, кайсыл принциптер менен жумшалат.

Гуманитардык изилдөө жана конфликтология борборунун башчысы Уран Ботобеков болсо акыркы саясий тирештерден көлөкө түшүп калган кадырын кайра көтөрүү үчүн "Ата Мекен" жана "Республика" партиялары үчүн бул шайлоонун мааниси эселеп артып жатканын белгилейт:

- Албетте муну сот чечет. Бирок кыйыр түрдө болсо дагы ошол текшерүүлөрдүн жыйынтыгы эртең боло турган шайлоолордун жыйынтыгына таасир этет. Ушул өңүттөн алып караганда булар жөн эле бийликке умтулушкан жок. Бул элдин арасында өздөрүнүн абийирин, ар-намысын коргоонун дагы бир жолу болуп калды.

Дагы бир жагдай, тажрыйбалуу болобу же жаңыдан телчигип келаткан партиялар болобу, көпчүлүгүнүн ураандарынын окшоштугун жана жаштарга да, башка улуттун өкүлдөрүнө да убадалары бир өңчөй болуп, бир багыттуу шайлоочусу ким экенин анча билбегенин талдоочулар белгилешти. Анткени Бишкекте көптөн бери электораттардын структурасы өзгөргөн жок - шайлоочулар Орусияга жан тарткандар, улутчулдар, партияларга шайлагандар, кээ бир саясатчыларга добуш бергендер, шайлоого катышпагандар болуп бөлүнүшөт.

Социология илимдеринин кандидаты, Борбор Азиядагы америкалык университеттин «Социология» программасынын жетекчиси Гүлнара Ибраеванын пикиринде, партиялар программалары жана ураандары боюнча шайлоочулардын баарын камтыганга аракеттенгени чоң натыйжага алып келбейт, анткени баарынын кызыкчылыгын эске алууга мүмкүн эмес:

- Биз добуш берип жатканда бул партия жеке мага эмне пайдасын алып келет деп ойлонобуз. Эгер бул суроого жооп таппасак, анда шайлоого катышпайбыз же сунуштар болсо аны сатабыз. Эмне үчүн Бишкекте тургандардын көбү шайлоолорго барышпайт? Анткени алар шайлоого ишенбей калган. Шайлоого көбүнчө жаштар, иштегендер барышпайт. Добуш берүүгө адаттагыдай пенсионерлер жана ошол партияларды туруктуу колдогондор, талапкерлердин достору келет.

Ибраеванын байкоосунда, партиялар айрым саясатчылардын утурумдук кызыкчылыктан улам түзүлө калып, кийин ыдырап жатканынан сабак алып, идеологиялык жактан туруктуу электоратын калыптандыруу жагын ойлоно башташты.

25-ноябрда Кыргызстан боюнча 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештерге шайлоо өтөт. Бул шайлоодо ошентип Бишкек шаар кеңеши үчүн таймаш баарынан курч болоору эмитен белгилүү болуп калды.

XS
SM
MD
LG