Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

"СМС талак" кыргыз мигранттарына да жетти


Телефондо "талак" (ажырашуу) деп арабча жазылган сөз. (иллюстративдик сүрөт)
Телефондо "талак" (ажырашуу) деп арабча жазылган сөз. (иллюстративдик сүрөт)

Жогорку Кеңеш депутаты муфтиятка кайрылып, жубайлардын телефон же интернет аркылуу талак берүүсүнө тыюу салууну өтүндү.

Мындай сунушту муфтиятка “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жолдоду. Телефон аркылуу талак берип, ажырашуу буга чейин тажик мигранттарынын арасында жайылып кеткени айтылып келген.

СМС: Мен сага талак бердим

Күйөөсү сыртка иштегени кетип, айыл-апада балдары менен калган кыргыз келиндери да соңку кездери алыстагы күйөөсүнөн ушундай маанидеги СМС кат алып, эмне кылаарын билбей дендароо болгон учурлар бар.

Чет өлкөдө иштеген мигранттар арасында Кыргызстанда калган жубайларына уюлдук телефон, интернет жана СМС аркылуу талак берүүлөр болуп жатканын парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу да тастыктайт. СМС ажырашууга тыюу салуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жогорулатууга, жаштарды адептүүлүккө, ата-бабаларыбыздын салтында жана дининде тарбиялоого жардам берет деп эсептеген депутат ушундан улам муфтиятка кайрылыптыр:

- Үйлөнгөндө молдонун катышуусунда эки тараптан эки адам күбө болуп, анан нике окулат. Ал эми ажырашканда негедир эч кимди чакырбай эле, телефондон же интернеттен талак берип коюп жатышат. Ошондуктан мен муфтиятка кайрылып, бул туурабы же туура эмеспи деп сурап жатам. Менимче, албетте бул туура эмес. Муфтият мындай талак берүүгө тыюу салышы керек.

Адистердин айтымында, “СМС талак” кеңири жайылбаганы менен ал коомчулукта учурап жатат жана андан биринчи кезекте кыз-келиндер жабыр тартууда. Мындай көрүнүш Орусияга бирге иштегени барган жубайлар арасында да жок эмес экен.

Москвадагы “Кыргызстан аялдары” коомдук бирикмесинин төрайымы Бурулча Төрөбекованын билдиришинче, уюлдук телефондогу билдирүү аркылуу талак берди деп арызданган кыз-келиндер бар.

- Телефондон эле “СМС талак” берип койду деп кыздар айтып калышууда. “Мен сага талак бердим” деп жазып коюшат экен. “Эже, ушундай болобу” деп, кыздар менден сурашат.

Шариат уруксат береби?

Депутаттын кайрылуусуна муфтият расмий кандай жооп кайтараары азырынча белгисиз. Бирок мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Акыл Бекиев ислам дини жазуу түрүндө талак берүүгө тыюу салбасын билдирди.

- Шариатта жазуу түрүндө да талак берсе болот. Бирок аны жазуунун шарты бар. Күйөөсү “мен баланча уулу түкүнчө кызына талагын бердим” деп, өткөн чак менен жазган болсо, ал талак болуп эсептелет. Интернет аркылуубу, же телефон аркылуубу, айырмасы жок. Эң башкысы - ал шарттары менен жазылыш керек. Эми интернет деле кагаз болуп эсептелет.

Шариатта жубайлардын ажырашуусу "адал" деп саналганы менен ал Кудайдын ачуусун келтире турган иш экенин белгилеген Акыл Бекиев ажырашуу жубайлар бирге жашай албай калгандагы эң акыркы аргасыз чара экенин айтты. Ал талак берүүдө жеңил ойлуулукка алдыргандар да бар дейт.

Мыйзам талакты тааныйбы?

Кыргыз коомчулугунда баш кошкон жубайлар адатта шариат негизинде имамдарга нике окутат. Бирок мыйзам жагынан мамлекеттик жарандарды каттоо мекемесинен алынган нике күбөлүгү башкы документ катары саналат.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жубайлар талак берип, ажырашкан кезде да нике сот аркылуу жокко чыгарылышы керектигин айтат:

- Баш кошобуз деген жубайлар жарандардын абалын каттоо мекемесине арыз жазышып, ал жерде катталышат. Ал эми ар кандай себептер менен ажырашып, нике күбөлүгүн жокко чыгарабыз десе, ал сот аркылуу гана ишке ашат. Ал эми “СМС талак” дегенди мен динге да каршы келет деп айтат элем. Антип Куранда жазылган эмес да. Бул ажырашууга шылтоонун бир түрү.

Уюлдук телефондогу билдирүү аркылуу ажырашууга тыюу салуу кошуна Тажикстанда кызуу талкууланып келатат. Москвада мигранттар менен иштешкен “Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамила Бегиеванын айтымында, Кыргызстанга караганда чыны менен Тажикстанда бул чоң маселеге айланган.

Ал эми Сауд Арабиясы жана Малайзия сыяктуу ислам өлкөлөрүндө электрондук почта аркылуу ажырашуу мыйзам түрүндө таанылган.

XS
SM
MD
LG