Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Обама: Петреустун иши АКШга коркунуч келтирген жок


6-ноябрдагы шайлоодогу жеңишинен кийинки алгачкы маалымат жыйынында АКШнын президенти Барак Обама ЦРУнун директору, генерал Дэвид Петреустун иштен кетишине алып келген жаңжал АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтиргендигинин далилин көрө албагандыгын билдирди. 45 мүнөткө созулган жыйында Обама ошондой эле анын администрациясы сентябрдагы Ливиянын Бенгази шаарындагы америкалык элчиликте төрт америкалыктын набыт болушуна алып келген кол салуу боюнча АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райска республикачылардын сын тагышын «акылга сыйбаган асылуу» деп мүнөздөдү:

Эгер Сенатор МакКейн менен Сенатор Линдси Грехем кимдир бирөөнүн сары изине чөп салгысы келсе, мага асылышсын. Мен алар менен сүйлөшүүгө даярмын. Бирок алардын Бенгазиге эч кандай тиешеси жок, болгону чалгын кызматтары берген маалыматка таянып билдирүү жасаганы үчүн гана Сюзан Райстын абийирин төккүлөрү келип жатканына жол болсун.

Обаманын экинчи кызмат мөөнөтүндө мамкатчы Хиллари Клинтондун ордуна келет деп болжолдонгон Райсты "Ливиядагы окуяга туура эмес баа берген" деп сындашууда. Курчуп келаткан ички экономикалык кризиске байланыштуу Обама кабарчыларга ал байманасы ташыгандарга салыкты көбөйтүү максатын көздөөрүн эскертти.

XS
SM
MD
LG