Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору кызматтан кетти


Борбордук чалгын башкармалыгы - ЦРУнун жетекчиси Дэвид Петреустун кызматтан кетүүсүнө аялынын көзүнө чөп салгандыгы себеп болду. Бул тууралуу 60 жаштагы генерал Петреус өзү жетектеген мекеменин кызматкерлерине жазган катында айтылат.

"37 жыл бирге турмуш кургандан кийин бул жашоодо өтө одоно ката кетирип – жубайымдын көзүнө чөп салдым. Мындай жүрүм-турум жубайым үчүн дагы, биздин мекеме үчүн дагы элдешкис нерсе», - деп айтылат Петреустун билдирүүсүндө.

Жума күнү президент Обама анын жазган арызын канааттандырды. ЦРУнун директорунун милдетин аткаруучу болуп Майкл Морелл дайындалды.

Дэвид Петреус ЦРУнун жетекчиси болуп өткөн жылы келген. Ага чейин Ооганстандагы НАТО жетектеген эл аралык күчтөрдүн башкы командачысы кызматын аткарган.

XS
SM
MD
LG