Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Бишкекте Журналисттик этиканы бузуу себептери талкууга алынат


Анда Кыргызстандагы маалымат каражаттары тарабынан журналисттик этика нормаларынын бузулуп жатканы, буга негизги себептер тууралуу атайын эксперттик топтун отчету талкууга коюлат. Талкууга бир катар маалымат каражаттары, жарандык коом, мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, адам укугу, чыр-чатак жана маалымат жаатындагы эксперттер катышат.

Отчет ЕККУ жана МедиаКонсалт фонду тарабынан үстүдөгү жылдын 15-мартынан 15-октябрына чейин жүргүзүлгөн мониторинг жана иликтөөлөрдүн негизинде жазылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда отчетто Кыргызстандагы маалымат каражаттарында журналисттик этика нормалары сакталбасы, элди улутуна, жерине карап ачык дискриминациялоо, балдардын укугун бузуу учурлары көп кездешери, бейтараптыктын жоктугу жана көп учурда такталбаган маалыматтар берилери жазылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG