Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

ЕККУ: Беларус бийлиги интернеттеги сөз эркиндигин чектөөдө


Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун өкүлү Беларустагы оппозициялык интернет сайттардын администраторлорунун камалышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун массалык маалымат каражаттарындагы сөз эркиндиги боюнча мекемесинин башчысы Дуня Миятович Беларус бийлиги мындай камоолор менен интернеттеги сөз эркиндигине басым жасоону улантып жатканын белгиледи. Өткөн аптада Минск жана Витебскте бир нече он-лайн коомунун активисттери камалган. Алардын үйүндө тинтүүлөр жүргүзүлүп, компьютерлери алынганын кесиптештери билдиришти. Интернет сайттардын администраторлору Павел Ецикиев менен Андрей Ткачёв беш жана жети күнгө камакка алынган. Аларга “майда бейбаштык жасады" деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG