Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Түркия Сирияда “буфердик аймак” түзүүнү сунуш кылууда


Сирия качкындарынын Түркиянын Хатай провинциясындагы лагери.
Сирия качкындарынын Түркиянын Хатай провинциясындагы лагери.
Бул тууралуу бүгүн түрктөрдүн “Хурриет” гезити өлкөнүн тышкы иштер министри Ахмед Давытоглуга шилтеме жасап, жазып чыкты. Гезиттин маалыматына караганда, Анкара Улуттар уюмун качкындардын Түркияга агымын азайтуу үчүн Сириянын өз чегинде буфердик аймак түзүүгө чакырууда.Түрк тышкы иштер министри БУУга өлкөсү 100 миңден көп качкынды батыра албасын да кабарлаган.

Түркияда сириялык качкындар саны өткөн дем алыш күндөрү, Сирия армиясы чабуулун күчөткөн жана Алеппо шаарындагы уруштарга тушташ 70 миң кишиге жетти.

Түрк бийликтери өткөн ишембиден тарта чек аранын Сирия тарабында жер которуп келгендерге гуманитардык жардам тарата баштады.

Бул аралыкта бүгүн БУУнун Сириядагы байкоочу миссиясы расмий аяктады. Мындай чечимди БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн аптада кабыл алган. (UE)

XS
SM
MD
LG