Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Бразилияда экология боюнча дүйнөлүк жыйын ачылды


Бириккен улуттар уюмунун Рио-де-Жанейро шаарындагы конференциясында негизги көңүл глобалдык экономиканы табиятты талкалабастан өстүрүү маселесине бурулат.

Рио+20 деп аталган бул эң ири жыйынга 50 миңдей адам, анын ичинде өкмөт өкүлдөрү, жаратылышты коргоочулар, бизнес лидерлер катышары күтүлүүдө.

Рио+20 конференциясы Бразилиянын ушул эле шаарында 1992-жылы болгон экологиялык саммиттен туура 20 жылдан кийин өтүп жатат.

Азыркы жыйын 22-июнга чейин созулуп, анын акыркы үч күнкү талкууларына дүйнөнүн 130дай өлкөсүнүн лидерлери да катышары белгиленген. Жыйынга Кыргызстандын делегациясы да барат. (UE)

XS
SM
MD
LG