Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Коогада өлтүрүлгөн полковниктин ысымы райондук милицияга ыйгарылды


Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы мындан ары милициянын полковниги маркум Адылбек Султановдун ысымын алып жүрмөй болду. Өкмөт ушундай чечим чыгарды. Султанов бул бөлүмдү өзү башкарып турган кезде июн коогалаңы учурунда өлтүрүлгөн болчу. Буга чейин Султановдун ысымы өзү окуп бүтүргөн Каратай айылынын мектебине да берилген. Мектеп алдына маркумдун айкели тургузулган.

Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаев 2010-жылы 13-июнда Нариман айылына эки элди элдештирүү үчүн сүйлөшүүгө барган учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмыш иши боюнча он кишинин тогузун сот күнөөлүү деп таап, бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратуу, бирөөнү 25 жылга, дагы үч айыпталуучуну сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган.

Ички иштер министрлиги Адыл Султановду Эл баатыры наамына сунуштап өкмөткө кайрылганын быйыл апрелде Оштун Жапалак айылында эл менен жолуккан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев айткан болчу. Маркумдун мектепте окуган үч баласын 18ке чыкканча медициналык тейлөөсүн министрлик өзүнө алганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG