Бүгүн Азербейжандын борбору Бакуда оппозициянын миңдеген тарапкерлери алдын ала эскертилген митингге чыкты. Оппозициялык “Коомдук палата” кыймылы “Жаңыдан парламенттик шайлоо!”, “Карабахка эркиндик!”, “Саясий куугунтук менен камалгандарга боштондук!” деген ураан-кыйкырыктарды чакырышты. Митингде сүйлөгөн оппозиция лидерлери өлкө коррупцияга батканын, демократиялык принциптер сакталбай жатканын айтып, Илхом Алиевдин бийлиги көпкө узабайт деп сынга алышты.
Бийликке нааразы болгондор митинги 8-апрелде да 10 миңдей адамдын катышуусунда өткөн болчу.
Бийликке нааразы болгондор митинги 8-апрелде да 10 миңдей адамдын катышуусунда өткөн болчу.