Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Башкы прокуратура Батыров боюнча Швецияга кайрылды


Былтыркы июнь окуясы боюнча айыпталып, сыртынан соттолгон Кадыржан Батыровдун башпаанек алып албаганын тактоо үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Швецияга өтүнүч кат жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Төлөгөн Мамыркалиев кабарлады. Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигиндеги атайын каналдар аркылуу жөнөтүлгөн өтүнүчкө Швеция тарап жакын арада жооп берүүгө тийиш.

Июнь окуяларында сепаратисттик ураандары менен элди кайраштырган деп айыпталып, жакында Жалал-Абад шаардык соту өмүр бою эркинен ажыраткан Кадыржан Батыров жакында “Азаттыктын” өзбек кызматына маек куруп, сот чечиминен соң Швецияда тез арада башпаанек тапканын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG