Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Түптө бодо мал арасында кутурма оорусу катталды


Ысык-Көл облусунун Түп районунда бодо мал арасында кутурма оорусу чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ветеринария бөлүмүнүн башчысы Бакыт Шарапов билдирди. Чоң-Таш айылындагы эки бодо мал ушул себептен жок кылынды. Оруу Түптүн Турук жайлоосунан, кутурмасы бар түлкүдөн жукканы айтылып жатканын кабарчыбыз Мария Колесникова билдирди. Өтө кооптуу жана жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун эпидемиологу Аскер Ибраев быйыл кутурмадан 2 адам каза болгонун, эки факт тең Баткендин Лейлегинде катталганын бугүн "Азаттыкка" айткан. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG