Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:34

Жалал-Абадда эки милиционер адам өлүмү үчүн шектелүүдө


Милициянын эки кызматкери былтыр орус жарандыгын алган тургунду уруп-сабап, анын өлүмүнө кыйыр себепкер болгон деп айыпталууда.

Облустук прокуратура бул окуя боюнча 9-августта кылмыш ишин козгогон. Прокурордун орунбасары Анарбай Мамажакыпов Орусия жараны Усмонжон Холмирзаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери камакка алынганын «Азаттыкка» кабарлады. Шектүүлөргө денеге оор жаракат келтирүү, пара өндүрүү, кызмат укуктарынан аша чабуу деген айыптар тагылууда.

- Базар-Коргон райондук милициясынын Улар Исмаилов, Нургазы Туташев жана Мунар Маматалиев деген үч кызматкерине карата 9-августта козголгон кылмыш иши тергелип, бүгүнкү күндө бүтөөр алдында турат. Тергөө иши жүргүзүлүп жаткан мезгилде 18-августта оперативдүү кызматкерлер Нургазы Туташев менен Улар Исмаилов экөө кылмышка шектүү делинип, камакка алынган. 20-августта аларга коюлган айыптары угузулуп, аларды камакка алуу жөнүндө сотко өтүнүч келтирилип, сотко алпарганда, бөгөт коюу чаралары өзгөртүлүп, үй камагына алынды. Бул кылмыш иши толугу менен сотко өткөрүлүү алдында.

Усмонжан Холмирзаев орус жарандыгын 2010-жылы алган соң быйыл жерине кайтып келип, Базар-Коргон айылындагы базарда иштеп жүргөн. Агасы Дадамурза аны 7-август күнү былтыркы улут аралык кагылышка катышы бар деген шек менен райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишип, ал жактан ур-токмокко кабылгандыгын айтууда. Дадамурза инисинин былтыркы июнь окуяларына катышы жок деп эсептейт:

- Айткан адам келип делилдеп берсин! Эмнеге жалган сөздү айта берет. “Сен трассада болгонсуңбу” деп, үкөмдү урушуптур. “ Сен жаз, десе үкөм,- мен ал жерде болгон эмесмин, мен мынабу бетондо отуруп, балдарыма чай ичирип, ушундан ары кеткем, мобу, мобулар ошо жерде отурган “ десе да, “ Эй, сен жаза берсең” деп урушуптур. Ал жазбай койгон жана трассада да болгон эмес

Айыпталып жаткан милиционерлер болсо өздөрүнө тагылган күнөөнү четке кагууда. Алардын бири Уларбек Исмаилов набыт болгон Усмонжон Холмирзаев июнь окуясына катышы бар деп шектелген Сайфулло Сатыбалиев аттуу адамдын көрсөтмөсүнө ылайык чакыртылганын айтууда:

- Ал жерге алып келгенде биз, үчөөбүз отуруп сураганбыз. Азыр эми айып коюшуп атпайбы, уруп-соккон, пара талап кылган деп, эч кандай андай болгон эмес. Ал Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнөн жакшынакай эле чыгып кеткен. Экспертизанын корутундусунда айтып атат дейт, көкүрөк сөөгү сынган дагы ошондон улам кан куюлган деп. Эгер ал жерде уруп-согуу болсо, жөн кете албайт эле да. Эртеси күнү ооруканага түшүптүр, ошондо “мен тамдын башынан цементке, бетонго жыгылып түштүм” деп айтыптыр. Туугандары менен тааныштары милицияга доо койгондо да Усманжан туугандарына врачтардын көзүнчө “ Жок, милиция мага тийген эмес, мен шатыдан жыгылып, бул жерге өзүм келдим”, - деген көрсөтмөсүн берген. Тергөө жүрө берсин, биз ага тоскоолдук кылбайбыз. Бирок мага коюлган айыптар менен макул эмесмин.

Ошентип азыр бардык тараптар өз жүйөөлөрү менен сотту күтүп отурушат. Жергиликтүү серепчилер бул соттук териштирүү узакка созулаарын жана чындыкты табуу өтө кыйынга тураарын боолголошууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG