Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Ак-Жарда жаңы жол курулат


Бишкек четиндеги Ак-Жар конушунда узундугу 4,1 километрдик жол курулат. Бул тууралуу Бишкек мэри Иса Өмүркулов жума күнү премьер-министр менен Ак-Жар конушун кыдыруу учурунда билдирди. Мэрдин айтымында, конуш Бишкектин курамына өтүп, электр зымдарын тартуу иштери башталып, эки аптадан кийин тургундар жарык менен камсыз болот. Мындан тышкары октябрь айына чейин таза суу чыгарылат.

Апта башында Ак-Жар конушунун тургундары Бишкек четиндеги чоң жолду бууп, электр зымдарын тартып, суу жана жер маселесин чечип берүү талабын коюшкан. Өкмөт башчы Бишкек мэриясы менен Чүй облусунун губернаторуна сөгүш жарыялап, тургундардын маселесин тез арада чечүү талабын койгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG