“Коммерсант” гезитине белгилүү болгондой, Ливиянын лидери Муаммар Каддафи өзүнүн коопсуздугу боюнча кепилдик алса, бийликтен кетүүгө макул. Мындай кепилдикти НАТОнун айрым мүчөлөрү, тагыраак айтканда Франция камсыз кылышы мүмкүн.
Узарып бара жаткан чырга чекит коюу максатында француздар полковниктин үй-бүлөсүнүн эсептерин ачып гана тим болбостон, Гаага трибуналынан да сактап калышы мүмкүн.
Каддафи менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу “Коммерсант” гезитине Орусиянын жогорку кызматтагы аткаминери билдирген. Анын байкашынча, компромисстик турумду азырынча Франция карманууда. Гаага трибуналы буга чейин Каддафини камоо боюнча эл аралык ордер чыгарган.
“Ливия процессине” чекит жакынкы арада коюлабы?
Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко Америка жана НАТО мүчөлөрү кечикти деген пикирде.
- Менин оюмча Каддафинин иши ушунчалык чиелешип калгандыктан акыркы чечим пайда болуп барып, анан кайра жоголуп кетип жатат. “Соттош керек, жок, соттобош керек, сүйлөшүш керек, жок, сүйлөшпөш керек” деген талкуулар уланып эле келе жатат. Конкреттүү бир чечимге келчү убакыт өтүп кетти.
Малашенко Орусиянын башка өлкөлөр менен бул суроо боюнча пикир келишпестигин мындайча түшүндүрөт:
- Буга кошумча Орусия менен башка өлкөлөрдүн ортосунда диссонанс пайда болууда. Эмнеге? Себеби Орусия үчүн “Ливиялык процессти” жөнгө салууга катышып калуу мүмкүнчүлүгү бар. Менин пикиримде араздашуулар дагы өрчүйт. Албетте Каддафи был кырдаалда саясий упай топтойт.
Чын эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тараптар Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын альянс тарабынан аткарылышы тууралуу талкуулашкан.
Москва НАТОнун күчтөрү мандаттан тыш аракеттерди көрдү деген ойдо. Себеби ливиялык жаңжалда НАТО Каддафиге каршы чыгып, төңкөрүшчүлөрдү курал менен камсыз кылган. Ал эми резолюция боюнча НАТО карапайым элди коргоп, куралды Ливияга киргизбеши керек эле.
НАТО Орусиянын айыптоолорун четке кагууда. Альянстын башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен жарандарга кол салууну алдын алдык деген пикирде.
Борбор Aзия боюнча баяндамачы Аркадий Дубнов сүйлөшүүлөр ишке ашышы толук мүмкүн деп белгилейт.
- Бул сценарий толук ишке ашышы мүмкүн. Себеби кырдаал америкалыктар жана НАТО мүчөлөрү каалаган нуктан чыгып кетти. Каддафинин өмүрүн сактап калуу же коопсуздугун камсыз кылуу, атүгүл барктуу, бирок эч нерсени талап кылбачу кызмат ордун берүү – ар кыл варианттар мүмкүн. Америкалыктар да, НАТОлуктар да бул операцияны создуктура алышпайт, болбосо алардын бедели күндөн-күнгө түшүп жатат.
Чындап эле, Дубнов билдиргендей, НАТОнун колдоосу менен деле полковникти багынтуу мүмкүн эмес болуп калганын бардык тараптар түшүнгөндөй.
Оппозиция Каддафинин Ливияда калышына каршы эмес, бирок жерди өздөрү тандашаарын жана ар дайым Каддафинин үстүнө көзөмөл жүргүзүп турушаарын алдын ала айтышууда.
Муаммар Каддафи мындай көзөмөлгө макул болобу же жокпу али белгисиз.
“Коммерсант” гезити билдиргендей, Каддафинин дагы бир шарты бар – бул анын уулунун президенттик шайлоого катышуусу. Бул шартка анын каршылаштары эч качан макул болбосун адистер айтышууда.
2010-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев, Казакстандын, Орусиянын, Американын президенттери менен Убактылуу өкмөттүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде өзүнүн коопсуздугун камсыздап, Казакстанга чыгып, ал жактан президенттиктен баш тарткан.
Каддафи менен Бакиевди салыштырса болобу?
“Жок”, дейт Аркадий Дубнов.
- Каддафи – тарыхый инсан. 27 жашында ыңкылапты ишке ашырып, падышаны кетирип, Түндүк Африкадагы кырдаалды эске алганда, жакшы эле режимди түптөп, өлкөнү башкарып келген. Каддафи дүйнөлүк саясаттагы негизги оюнчулар үчүн тикен эле. Бакиев болсо, бийликке капыстан келип калган. Кыйын саясатчы эмес. Дүйнөлүк саясатка эч кандай таасири жок болчу. Америкалык база Кыргызстанда жайгашып калганы үчүн эле дүйнөлүк саясатка кичине илешип калган.
Узарып бара жаткан чырга чекит коюу максатында француздар полковниктин үй-бүлөсүнүн эсептерин ачып гана тим болбостон, Гаага трибуналынан да сактап калышы мүмкүн.
Түштүк Африка Республикасынын президенти Жейкоб Зума жана Ливиянын лидери Муаммар Каддафи, Триполи, 30-май, 2011-жыл
4-июлда Сочиде өткөн сүйлөшүүлөрдө Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана Түштүк Африка Республикасынын президенти Жейкоб Зума Ливиядагы тирешүүнү талкуулашты. Орусия-НАТО кеңешинин отуруму да ушул темага арналды.Каддафи менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу “Коммерсант” гезитине Орусиянын жогорку кызматтагы аткаминери билдирген. Анын байкашынча, компромисстик турумду азырынча Франция карманууда. Гаага трибуналы буга чейин Каддафини камоо боюнча эл аралык ордер чыгарган.