Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун сөөгү жерге берилди


Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун сөөгү Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлду. Топурак салуу жөрөлгөсүнө маркумдун жакындары, калемдештери, бир катар мамлекеттик ишмерлер жана айрым депутаттар катышты.

Саал мурдараак Төлөгөн Касымбековду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чарасы Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болгон. Ага өлкө башчысы Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган бийлик өкүлдөрү, жазуучунун калемдештери катышып, маркумдун чыгармачылыгы эскерилген.

Төлөгөн Касымбеков 10-июнда кечинде кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн. Жазуучунун абалы жакшырбай 16-июнда каза болгон. Касымбеков “Сынган кылыч”, “Келкел” өндүү бир катар тарыхый романдардын автору. Ага 2006-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG