Башкаруучу партиялар узак талкуудан кийин бүгүн 30-майда эртең менен ушундай бүтүмгө келишкенин айлана-чөйрөнү коргоо министри Норберт Реттген билдирди:
- Коалиция энергетика саясатын өзгөртөлү деген мунасага келди. Келишимге жараша жети эски станция, ошондой эле Крюммел АЭСи мындан ары иштетилбейт. Экинчи топтогу алты атомдук электр станция 2021-жылдан кечикпей токтотулат. А эң жаңы үч АЭС 2022-жылы биротоло иштен чыгарылат.
Германияны бу кадамга барууга Жапонияда 11-мартта болгон катуу жер тербетүүнүн кесепетинен “Фукушима” АЭСи алып келген алаамат окуя түрткү берди. Азыр Германия энергиянын 20 процентин АЭСтерден алат.