Брисбен шаарында миңдеген адам суу ташкындан улам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Брисбен Австралиянын үчүнчү чоң шаары. Топон суудан жабыркаган үйлөрдүн саны 20 миңге чукул болот деп болжолдонууда. Там-жайсыз калган адамдардын саны 45 миңге жетиши мүмкүн.