Бир катар өлкөлөр Нобель тынчтык сыйлыгын кыйтайлык диссидент Лю Цзяобого тапшыруу аземине катышуудан кетенчиктеп турушат. Нобель институтунун директору Гир Лундестаддын айтымында, бир нече элчи 10-декабрда өтүүчү салтанатка катышар-катышпасын ачык айтыша элек. Бирок ал кайсы өлкөлөр экенин Лундестад ачыктаган жок. Лю Кытайдагы саясий реформаларга чакырган манифести үчүн былтыр декабрда 11 жылга түрмөгө кесилген. Нобель тынчтык сыйлыгы ага быйыл 8-октябрда ыйгарылган. Бээжин диссидентти колдогон өлкөлөргө эскертүү жасаган. АКШ, Британия, Франция жана Германия баштаган Батыштын бир катар өклөлөрү аземге катышаарын буга чейин билдиришкен. Сыйлык Осло шаарында тапшырылат.