Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Кэмерон Кытай менен сооданы кеңейтүүгө бел байлады


Бээжинге эки күндүк сапарга келген Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон бүгүн Кытайдын лидери Вэн Цзябао менен кездешти. Кэмеронду 50 чакты ири бизнесмен коштоп жүрөт. Анын сөзүнчө, Британия 2015-жылы Кытай менен сооданы эки эседен көп өлчөмгө же 100 миллиард долларга жеткирүүнү көздөйт. Анын 30 миллиард долларын Британия экспорттогон товарлар түзүүгө тийиш. Британия былтыр Кытайга 12,4 млрд. доларга товар саткан.
Ай башында Кытай президенти Вэн Цзябао Францияга жана Португалияга барып, франциялык жана европалык компаниялар менен 20 млрд. долларлык келишим түзүп кайткан.

XS
SM
MD
LG